Таластагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүгө кайрадан сынак өткөрүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия 17-октябрда биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйында сынак өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү, комиссиянын курамына жергиликтүү тургундардан кошуу маселеси талкууланды. "Биз эл менен жолугуштук, алар комиссиянын курамына өкүл кошууну талап кылышууда. Кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн жергиликтүү тургундардын сунушун эске алыш керек",- деди Талас облусунун башчысы Койсун Курманалиева. Муну Геология жана минералдык ресурстар агенттиги кабарлады.
Аталган агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамга каршы келбесе, тургундардын сунушун колдой турганын айтып: "Тоо-кен тармагы боюнча чечим кабыл алууда жергиликтүү калктын көз карашы абдан маанилүү экенин жакшы билебиз",- деп билдирди.