Өмүрбек Текебаев: “Талапкерлердин бирдиктүү тизмесин республикалык жана аймактык тизмеге бөлүү - мезгил талабы”

“Мезгилдин талабын эске алуу менен парламенттик шайлоодо талапкерлердин бирдиктүү тизмесин республикалык жана аймактык тизмеге бөлүү сунушталууда. Аймактык тизмедеги талапкерлер тиешелүү аймактагы партиялык тизмеге берилген шайлоочулардын добуштарына жараша мандатка ээ болушат. Партиянын борбордук жана аймактык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн так механизмдери жок жана аймактарда саясий партиялардын уюштуруу иштери начар. Жогорудагыдай мамиле саясий партияларды чыңдайт”. Муну “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 17-октябрда шайлоо тартибин өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорлору талкууланган коомдук талкууда билдирди.

Текебаев белгилегендей, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору саясий партиялардын ичиндеги мамилелерди демократиялаштырууга алып келет. “Бул түзөтүү аймактык лидерлердин чыгышына шарт түзөт жана партиянын ичиндеги атаандаштыкты күчөтөт”,- деп билдирди "Ата Мекендин лидери. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан