Жоомарт Оторбаев: "Токтогул Сатылганов - теңдеши жок акын"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 17-октябрда Токтогул районунда улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Салтанаттын ачылышында өкмөт башчы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин акындын 150 жылдыгына арналган куттуктоосун окуп берди. Район тургундарын куттуктаган Оторбаев: "Көп кырдуу талант, улуу акын Токтогул Сатылгановдун ушул аймактан чыкканы баарыбызга маалым. Ал - теңдеши жок акын, айтыш искусствосунун чебери жана комузчу. Токтогул өзүнүн ырларында элдин эркиндиги менен көз карандысыздыгын ырдаган, эркинен ажыратылса да, карапайым жарандардын бактысы үчүн күрөшүүчү бойдон калган",- деп билдирди. 

Салтанат концерттик программа, оюн-зооктор менен коштолду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан