Бишкекте 24-октябрда “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу болот

Бишкек шаарында 24-октябрда “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт. Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага депутаттар, өкмөттүн жана тийиштүү мекеме, ишканалардын өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышат. Эске салсак, аталган мыйзам долбоорунда ветеринардык палата, мал ээлеринин жоопкерчилиги жана башка жаңы түшүнүктөр киргизилип, эпизотикалык карта иштелип, бардык аймактар зоналаштырылмакчы. Башкача айтканда, бир облуста мал оорусу катталса, оору катталбаган облустардагы мал эти экспорттоло берет. Иштеп жатан мыйзамда мындай мүмкүнчүлүк жок. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан