Бишкек-Ош жолуна дагы 2 тоннель курулат

Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдерде оңдоо иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникация министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата Төө-Ашуудагы тоннелдин түштүк тарабындагы дренаждык системи, тоннелдин ичиндеги авариялык байланыш кызматы капиталдык оңдоодон өтүп, чакырымды көрсөтүүчү белгилер жаңыланды. Мындан сырткары Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын ортосунда жайгашкан 2 тоннелдин жарыктандыруу системин жакшыртуу иштери жүрүп жатканы айтылды. 
"Япония эл аралык агенттиги менен бирге Бишкек-Ош жолунун эки жерине тоннель куруу боюнча алдын ала жыйынтыктар чыгарылды. Аталган тоннелдин бири трассанын 246-чакырымындагы Көчкү-Булак сайынын жылына кар көчкүсү түшкөн жерине курулуусу болжолдонууда. Экинчиси Кара-Көл шаарынын түштүк тарабындагы дайыма токтобой таш көчкүлөрү түшкөн жерге курулмай болду" деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан