Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте Бюджет жана каржы комитети “2015-жылга республикалык бюджеттин жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууларды өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Каржы министрлиги өлкө аймактарында аталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угууларды
өткөрүп келген. Ушул жылдын 22-августунда КРнын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында мыйзам долбоору
жактырылган.