Каржы министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылган 2014-жылдын январь-сентябрына Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматка караганда, өлкөдө 9 ай ичинде расмий катталган жумушсуздардын саны 57,9 миң адамды түздү. Көрсөткүч 2013-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,4 пайызга азайды.
2014-жылдын январь-августунда орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 1,4 пайызды түздү, номиналдык туюнтууда орточо айлык эмгек акы 11 965 сом деңгээлинде болду.