Өмүрбек Бабанов: "Ата Журт" менен биригүүнү жүрөгүм менен чечтим"

"Республика" жана "Ата Журт" партияларынын биригиши эң туура чечим болду. Муну 20-октябрда аталган партиялардын биргелешкен курултайында "Республика" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди. Анын айтымында, мындай чечим кабыл алуу оор болду. "Бул чечим оңой болгон жок, күнү-түнү уктабай ойлондум. Көптөгөн партиялардын жетекчилери менен жолугуп сүйлөштүм. Бирок "Ата Журт" менен биригүүнү жүрөгүм менен чечтим. Бул кадамым эң туура чечим болду. Амбицияларды жыйыштырып, саясий жаңы жолду ачтык. Биздин "Республика - Ата Журт" партиясы өлкөдө чоң күч болушу керек",- деди Бабанов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан