“Республика” партиясы менен биригип, Кыргызстанды оор кырдаалдан сууруп чыгып кетүүнү максат кылдык”,- деп билдирди “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев. Муну Ташиев 20-октябрда Бишкекте өтүп жаткан аталган партиялардын биргелешкен курултайында айтты. “Жеке мен Өмүрбек Бабановго ишендим. Анын мамлекетти оңдоодогу пландары мени ынандыра алды. Мен айтып коёюн, жумурткадан кыр издеген айрым саясатчылардын бизди бөлүп-жаруу аракеттери ишке ашпайт. Мындай эки ири партиянын биригиши өлкө тарыхында биринчи жолу болууда”,- деди Ташиев.