Президент Алмазбек Атамбаев каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 20-октябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Президенттик аппараттан билдиргендей, жолугушууда 2014-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышына тиешелүү маселелер, ошондой эле 2015-жылга негизги финансылык документтин приоритеттүү багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы Каржы министрлигин өлкөнүн социалдык секторун өз учурунда каржылоого өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирди.  

Мындан тышкары Лаврова президентке АКШнын Вашингтон шаарында өткөн Дүйнөлүк банк (ДБ) менен Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) тобунун жыл сайын өткөрүлүүчү кеңешмесине катышкандыгы тууралуу маалымат берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан