Парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июнуна чейин 45 мыйзам долбоорун карады. Комитеттин маалыматына таянсак, каралган мыйзам долбоорлорунун 5и Жогорку Кеңештен колдоо таап, президент кол койду. 28 мыйзам долбоору тийиштүү комитеттерге жиберилгени айтылды. Калгандары артка чакыртылып алынды жана изилдөө жана кароого даярдоо стадиясында турат.
Комитет караган маанилүү мыйзамдар:
1. Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоого башкы прокурорго гана укук берүү (президент кол койду).
2. Мунапыс жөнүндө мыйзам. Бул мыйзам соттолгон 1752 адамга карата колдонулду жана 89 адам негизги жазаны өтөөдөн бошотулду. 27 адам жазык жоопкерчилигинен бошотулса, 1636 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскарды.
Комитетке 10 ай ичинде 916 кайрылуу келип түшүп, анын 902сине тийиштүү жооптор берилди.