Ысык-Көлдө 19-22-октябрь күндөрү жогору турган соттор үчүн жарандык жана жазык иштери боюнча сот актыларына анализ жүргүзүү усулу боюнча окутуу өтүүдө.
Тренер катары эл аралык деңгээлдеги эксперт, юридика илиминин кандидаты, Украинанын Судьялардын улуттук мектебинин сот өндүрүшүнүн көйгөйлөрүн илимий изилдөөлөр жана аны өркүндөтүү бөлүмүнүн башчысы Татьяна Фулей лекция окууда.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьяларды окутуу борбору жана USAID жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча программасы менен биргиликте уюштурулду. Ага жергиликтүү соттордун судьялары жана Жогорку Соттун отставкадагы судялары болуп, жалпысынан 16 судья катышууда.
Окутуунун угуучулары алган билимдери менен жергиликтүү деңгээлде тренер катары өз кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүшөт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.