Жогорку Кеңештин жыйындарына көп жолу катышпаган 23 депутатка чара көрүлүптүр

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети караган 6 мыйзам долбоорун парламент четке какты. Комитет 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын июнуна чейин жалпы 46 мыйзам долбоорун карап, 17 мыйзам долбоору боюнча иштер толук бүткөнү айтылды. Күчүнө кирген мыйзамдардын саны - 7, артка чакыртылып алынганы - 4. 
Аталган комитет тарабынан депутаттарды бир комитеттен башка комитетке которуу, депутаттардын айрым кызматтарга дайындалышына байланыштуу 13 токтом долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген. "Депутаттардын комитеттин жыйындарына, ай сайын Жогорку Кеңештин жыйындарына катышуусу каралып, анын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин төрагасына жөнөтүлүп турган. Бул жаатта 23 депутатка тийиштүү чаралар колдонулган" деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан