Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 21-октябрда эгемендүү Кыргызстандын биринчи коргоо министри Мырзакан Субановду (сүрөттө) 70 жылдык мааракеси менен өкмөттүн атынан куттуктады. "Генералдын басып өткөн жолу - татыктуу үлгү. Талас өрөөнүнүн кулуну аскер кызматкери болууну максат кылып, аскердик жетекчи жана таланттуу башкаруучу, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер болду",- деген Маматалиев маараке ээсинин тармакка кошкон салымы тууралуу кенен сөз кылды.
М.Субанов:
Туулган жылы - 1944-жыл, 15-октябрь.
Туулган жери - Талас облусунун Таш-Дөбө айылы.
1966-жылы Ташкенттеги В.И.Ленин атындагы Жогорку жалпы аскердик окуу жайын артыкчылык менен бүтүргөн.
1977-жылдан баштап аскердик чөйрөдө иштеп келген.
1993-1999-жылдары Кыргызстандын коргоо министри.