Кыргызстанга ГМО азыктарын киргизүүгө, өлкөдө өндүрүүгө жана сатууга тыюу сала турган мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол коюудан баш тартып, документти артка кайтарды. Маалымат бүгүн, 21-октябрда парламенттин Социалдык саясат комитетинин жыйынында айтылды. Президенттин каршы пикир билдиришине Бажы биримдигинин талаптары себеп болуптур. Мыйзамда аталган түрдөгү организмдерди өлкөгө киргизүүгө, өндүрүүгө жана сатууга толук тыюу салуу жагы каралган. Мыйзамды даярдоодо Кыргызстандын Бажы союзуна кириши, союздагы өлкөлөргө тийиштүү талаптар эске алынбай калганы айтылды. Союзга мүчө өлкөлөрдө ГМО көрсөткүчү 9 пайыздан ашпаган азыктарды киргизүүгө уруксат бериле турганын президенттин парламенттеги өкүлү билдирди. Мыйзамда мындан башка да кемчиликтер бар экени белгиленди.
Бул маселени атайын түзүлгөн жумушчу топ иликтеп чыкмай болду.
Генетикалык модифицирленген организм (ГМО) - жасалма азыктар, башкача айтканда, атайын химиялык каражаттардын жардамы менен өндүрүлгөн жер-жемиштер.