Кечээ, 20-октябрда Мамлекеттик салык кызматында үстүбүздөгү жылдын 9 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча кезектеги коллегиясынын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Ага мекеменин төрагасы Замирбек Осмонов, өкмөт аппаратынын жана Каржы министрлигинин өкүлдөрү, коллегиянын мүчөлөрү, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн башчылары, аймактык жана ведомствого караштуу салык органдарынын жетекчилери катышышты.
2014-жылдын январь-сентябрь айларында Салык кызматы тарабынан салыктар жана төлөмдөр болжолдонгон 30 миллиард 814,9 миллион сомдун ордуна 29 миллиард 972 миллион сом суммасында чогултулду. Натыйжада аткаруу 97,3 пайызды түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн келип түшүүсү 2 миллиард 814,2 миллион сомго же 10,4 пайызга жогорулаган.