Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 21-октябрдагы жыйынында өлкөгө олуттуу зыян келтирген кызматкерлердин жазасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев мамлекетке миллиарддаган сомдук зыян келтирген чиновниктер сот тарабынан акталып жатканына токтолду. "Кой уурдаган байкуштар 10 жылга чейин камалууда. Ал эми "балдарыбызды чет мамлекеттен окутабыз" деп миллиарддарды уурдагандар 5-20 миң сом айып төлөп чыгып кетишүүдө. Аларга жеңил жаза берилбеши керек",- деди депутат.
Текебаев аталган мыйзам долбоору кабыл алынбаса, президенттин коррупция менен күрөшүү аракети бекер экенин айтат. "Бул мыйзам долбоору үч окууда жактырылып, президент Алмазбек Атамбаевдин кол коюусуна жиберилген. Бирок ал баш тартып койгон. Эки жыл өткөндөн кийин кайра сунуштап жатабыз. Президент "коррупция менен күрөшөм" десе, эмне үчүн бул мыйзамды кабыл алууга шашылбайт? Муну кабыл албасак, президенттин коррупция менен күрөшөм дегени бекер",- дейт "Ата Мекендин" лидери.