Бакиев жүргөн Беларуста 2015-жылдан баштап бекерчилерге чара көрүлөт

Беларустун президенти Александр Лукашенко 2015-жылдын 1-январына чейин ашка жүк, башка жүк болууну жана бекерпоздукту жок кылуу боюнча систем түзүүнү буюрду. Мындай тапшырманы президент 20-октябрда өлкөдө жумушка орноштуруу жана миграция маселелери боюнча өткөн жыйында берди. Маалым болгондой, Беларусь өкмөтү жумуштан баш тарткан жарандарды эмгектенүүгө милдеттендириш үчүн тиешелүү нормативдик акттын долбоорун иштеп чыккан. "Анда керектүү жеңилдиктер жана чаралар белгиленген. Мындан тышкары Ички иштер министрлиги Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекске бекерпоздук менен алектенген жарандарды жоопкерчиликке тартуу жана мажбурлап жумушка орноштуруу боюнча беренени кошууну демилгелөөдө",- деп айтылат чет элдик маалымат булактарында.
Айта кетсек, Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев 2010-жылкы революциядан бери Беларуста баш калкалоодо. Кыргызстандын соту 2014-жылдын 25-июлунда аны күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан (сырттан чечим чыккан). Кийинчерээк Беларустун президенти Лукашенко ага (К.Бакиевге) Элдердин достугу орденин тапшырганы жарыяланган. К.Бакиевдин учурда эмне менен алектенип жатканы белгисиз. Эгер иштебей жаткан болсо, Лукашенконун бекерчилерди жоюу аракети аны ыңгайсыз абалга кептеши мүмкүн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан