Бүгүн, 21-октябрда Бишкектеги КРнын Тышкы иштер министрлигинде үчүнчү жолу өтүп жаткан консулдардын жолугушуусу болду.
Ага ТИМдин жетекчилиги, президенттик аппараттын, өкмөттүн жана ЖКнын өкүлдөрү катышты.
Өлкөнүн инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу КРнын Экономика менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын чет мамлекеттердеги консулдары өз ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыгына токтолуп, алдыдагы пландарын айтышты.
"Күндүн экинчи жарымында консулдар жана Кыргызстандын чет мамлекеттер менен иштешүүгө кызыкдар ишкерлердин жолугушуусу өтөт. Үч күндүк иш-чара Ош жана Жалал-Абад шаарларында уланат" деп билдирет Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.