"Ата Мекен" партиясы: "Кубанычбек Турдубаевдин министр болууга моралдык укугу жок"

"Ата Мекен" социалисттик партиясы Кыргызстандагы коррупция менен күрөшүү саясатындагы олуттуу кемчиликтердин мисалында билдирүү жасады. Партиянын катчылыгы тараткан билдирүүдө төмөнкүлөр айтылат:

"Мамлекет коррупция менен, анын кандай гана көрүнүшү болбосун, аёосуз күрөш жүргүзүүсү керек. 2013-2017-жылдары Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында көрсөтүлгөндөй, коррупция Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунуч болуп саналат. Бул стратегияга ылайык, антикоррупциялык саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири болуп моралдык-этикалык аспекттерди эске алуу менен, кесипкөйлүк негизде жетекчи кадрларды тандоону караган кадр саясатын ишке ашыруу саналат.

Энергетика жана өнөр жай министринин кызматына дайындоого байланышкан жагдай коррупция менен күрөшүүдөгү Кыргызстандын кылмыш-жазык мыйзамдарынын керектүү деңгээлде эмес экенин көрсөтүп жатат. Учурдагы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин ченемдери, кылмыш жоопкерчилигине тартылган фактыларына карабастан, айрым бир жактарга жогорку саясий жана административдик кызматтарды ээлөөгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтүнүн кыскалыгынан улам азыркы учурда көптөгөн чиновниктер кылмыш жоопкерчилигинен эле кутулбастан, кайра жаңы кызматтарга дайындалышууда. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин ченемдеринде каралган жазалардын өлчөмдөрү (мисалы, 221-берене) келтирилген зыяндын өлчөмдөрү менен салыштырганда эч нерсеге арзыбайт. Күнөөлүү жактар аз эле айып пул төлөө менен кутулуп же амнистияга туш келишет.

Азыркы учурда коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлөнүп жаткан көптөгөн чиновниктер тиешелүү жазасын албай жаткандыгына элдин (коомчулуктун) кыжыры негиздүү кайнап жатат. Көбүнчө аларды жазалоо ээлеген кызматтарынан бошотуу менен чектелет. Энергетика эң эле коррупциялашкан секторлордун бири болуп саналат. Энергосектордун кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштеринин санынын көптүгү, коррупциялык жаңжалдардын көптүгү, ушул сектордогу кадр оюндары буга айкын мисал болуп бере алат. Анын натыйжасында энергетика секторунун өзү аянычтуу абалда турат. Дал ушул маалда энергетика жана өнөр жай министринин кызматына ошол тармактагы кылмышы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамды дайындоо - өтө эле жоопкерсиздик. Бул коррупция менен келишпес күрөштү жарыялаган бүгүнкү бийликтин аброюн түшүрүп жатат. Бул жагдайда аталган министрликтин алдында турган көйгөйлөрдү чечүү үчүн анын жетекчиси компетенттүү гана болбостон, талашка түшпөй турган абройго, кемтиксиз репутацияга жана саясий салмакка ээ болушу шарт.

Энергетика жана өнөр жай министри кызматына көрсөтүлүп жаткан Кубанычбек Турдубаев Каракол шаардык сотунун өкүмү менен 187-берене жана 221-берененин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, кылмыш жазасы белгиленген. Бирок "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышынын 10 жылдыгына жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгынын майрамдалышына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө" КРнын мыйзамынын кабыл алынышы менен жазадан бошотулган. Бул жагдайда Е.Т.Гайдардын: "Өлкө ушундай абалда турганда, кылмышкерлерге алардын курмандыктарынын эсебинен гумандуулук кылуу өтө эле орунсуз",- деген жалпыга белгилүү сөзүн эске салгыбыз келет.

Ысык-Көл облустук сотунун кылмыш жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясы К.Турдубаевдин күнөөсү болбогон абоненттердин (ойдон чыгарылган абонент) электр энергиясын колдонуусу тууралуу "Чыгыш электр" АКына берген, жалпы суммасы 30 миллион 160 100 сомго барабар жалган эсеп-чоттору жана буга анын макул болгон көрсөтмөлөрү аркылуу далилденген.

"Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" КРнын мыйзамынын 1-беренесине ылайык, мунапыс берүү - кылмыш жасоодо күнөөсү аныкталган адамдар чөйрөсүн жазык жоопкерчилигинен жана жазалоодон толук же жарым-жартылай бошотуу. Баса белгилеп кетебиз, "кылмыш жасоодо күнөөсү аныкталган".

Кылмыш жоопкерчилигинен жана жазалоодон мындай бошотуу адамдарды реабилитациялоо үчүн негиз болуп бере албайт, ал кылмыш жоопкерчилигине негиздүү тартылган, кылмыш жасоодо күнөөлүү болуп эсептелине берет. Мунапыс берүү актысы мамлекеттин боорукердигин билдирүү, гуманизм катары гана кала берет.

Жогоруда айтылгандардын негизинде "Ата Мекен" социалисттик партиясы Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кызматына Кубанычбек Турдубаевди дайындоо үчүн кандайдыр бир юридикалык бөгөттөрдүн жок экендигине карабастан, К.Турдубаев КРнын Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмышты жасаган адам катары саналарын жана жогорку министр кызматын ээлөөгө эч кандай моралдык-этикалык укукка ээ эмес экендигин билдирет".  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан