Дастан Бекешев көзү азиздер үчүн дарылардын жазууларын Брайль тамгасы менен жазууну сунуштоодо

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 21-октябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев демилгелеген Дары-дармек каражаттары жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин кароону кийинкиге жылдырды. Демилгечи депутат дарылардагы анын курамы жана таасири тууралуу жазылган нускамаларды көзү азиздер үчүн Брайль тамгасы менен жазууну сунуштоодо. Бул азиз жарандар үчүн жардам болорун белгилеген депутат көрүүсү начарларга жана кары-картаңдарга ылайыктап, дары каражаттарынын маалыматтары чоңураак тамгалар менен жазылышы керектигин айтат.

Депутат Ыргал Кадыралиева сунушталып жаткан мыйзам долбоорун дары-каражаттарын өндүрүүчү тараптар кандай кабыл алат деген суроо көйгөй жаратпаш үчүн маселени моделдик мыйзам түрүндө КМШ аймагындагы Парламенттер аралык ассамблеянын алкагында талкуулоо сунушун берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан