Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын коомдук жайларда жүрүүсүнө шарт түзбөгөн жетекчиликке айып пул салынмакчы

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 21-октябрдагы жыйынында “КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга шарт түзүп, алардын ишке орношуусун, коомдук жайларда жана транспорттордо жүрүүсүн камсыздоо талаптарын бузган ишкана, уюмдарга айып пул салуу жагы каралууда.

Депутат Дамира Ниязалиева жергиликтүү аэропорттордогу түзүлгөн шарт ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ыңгайына туура келбесин айтып, аэропорт жетекчилигинин жоопкерчилиги кандай болорун тактады.

Эске сала кетсек, 17-октябрда парламентте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын маселесине арналган тегерек стол өткөн. Анда майыптар үчүн өлкөбүздүн социалдык жана тиричилик инфраструктурасынын объектилерине, турак үйлөргө, маданий оюн-зоок жана спорттук мекемелерге, жөн гана дүкөнгө өз алдынча баруусуна жеткиликтүү шарттар түзүлбөгөндүктөн улам майыптар коомдон дээрлик бөлүнүп калганы айтылган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан