Жоомарт Оторбаев "Газпромдун" келиши менен өлкөдө газ арзандаганын орусиялык депутат менен жолугушууда айтты

"Газпром" ишканасынын өлкөнү газ жана инвестиция менен камсыздоо боюнча олуттуу кадамдарын көрүп жатабыз". Муну өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 21-октябрда Орусиянын Федералдык Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко менен жолугушууда билдирди. "Кыргызстандагы газ жеткирүү системине жана активдерине ээлик кылуу менен "Газпром" ишин баштады. Белгилүү болгондой, "Газпром" башка багытта да иш жүргүзүүнү пландап жатат. Буга байланыштуу бизде пландар арбын",- деген Оторбаев аталган ишкана Кыргызстандагы ишин баштагандан тарта жаратылыш газынын баасы арзандаганын кошумчалады. 
Жолугушууда Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча да сүйлөшүү жүрдү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан