"Ош" Эл аралык аэропортун кеңейтүү үчүн жер бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, 21-октябрда Ош шаардык мэриясынын жыйындар залында КРнын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйыны болуп өттү. 
Ага ЖКнын депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Жусупали Исаев, "Ата Мекен" фракциясынан Досалы Акунов жана "Республика" фракциясынан Ажибай Калматов менен кошо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.
Анда "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКтын жана анын бөлүктөрүнөн "Ош" Эл аралык аэропортун реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маселе каралып, "Манас" ААКтын вице-президенти Абдималик Бусурманкулов "Ош" Эл аралык аэропортун кеңейтүү үчүн жер бөлүп берүү маселесин карап берүүнү депутаттардан суранды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан