Жогорку Кеңештин депутаттары Ош аэропортунун жаңылоо иштерин көрүп чыгышты

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети 21-октябрда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрдү. Анда шаардагы айланма жолдун (Ош аэропортунан Учар айылына чейин) жана Ош-Ноокат (10-28-чакырымы) жолунун курулушу жана башка маселелер талкууга алынып, долбоорлорду ишке ашырып жаткан тараптардын маалыматы угулду. Мындан тышкары депутаттар Ош Эл аралык аэропортунун жаңылоо иштери менен таанышып чыгышканын парламенттин маалымат кызматы билдирди. Транспорт жана коммуникация министрлигине оңдоо иштериндеги кемчиликтерди жоюп, жаңы салынып жаткан учуу тилкелеринин сапатын стандарттарга тууралоо тапшырмасы берилди.

"Ош аэропорту "эл аралык" деген статуска ээ болгондуктан, учуу тилкелеринин сапаты эл аралык стандарттарга жооп бериши керек. Мындан ары иштин жүрүшү тармактык комитеттин көзөмөлүндө болот”,- дейт парламенттин аталган комитетинин төрагасы Жусупали Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан