Жогорку Кеңештин 22-октябрдагы жыйынында депутаттар жарандардын кайрылууларына мамлекеттик органдардын жооп берүү мөөнөтүн кыскартууну талашып-тартышууда. Кайрылууларга жооп берүү мөөнөтүн 30 күн эмес, 14 күн кылуу боюнча депутат Айнуру Алтыбаева баяндама жасап, мыйзам долбоорунун зарылдыгын айтты. “Бул нерсе мамлекеттик органдардагы бюрократияны азайтып, ыкчамдуулукту күчөтөт. Айрым мыйзамдарда 1 ай, башка мыйзамдарда 14 күн деп белгиленген. Биз бирдей тартип киргизүү үчүн экинчи вариантты сунуштап жатабыз”,- деди Алтыбаева.
Депутат Анарбек Калматов мыйзам долбооруна каршы. “Биз деле мамлекеттик органдарда иштегенбиз, кайрылууларга 1 айдын ичинде жооп кайтаруу эле туура. 1 айга чейин жооп берүүгө милдеттендириш керек”,- деди депутат.
Башка депутаттар 14 күндүк мөөнөт өтө аз экенин, айрым суроолорго жооп алуу үчүн көптөгөн мамлекеттик органдарга кайрылууга туура келерин, алардан жооп келгиче убакыт көп кетерин айтып чыгышты.