Спикер министр дайындоолор кечигип, Конституциянын нормалары бузулуп жатканын моюнга алды

Жогорку Кеңеште бүгүн, 22-октябрда депутат Мыктыбек Абдылдаев “Конституцияга ылайык, министрликке талапкер 5 күндүн ичинде парламентте жактырылып, кызматка дайындалышы керек. Бирок бир ай өтсө да саламаттыкты сактоо министрлигине талапкер көрсөтүлө элек. Мунун өзү Баш мыйзамдын нормаларын бузуу”,- деди. Депутат буга премьер-министр Жоомарт Оторбаевди күнөөлөдү. 

“Өкмөт башчыга негизги мыйзамды бузбоо керектигин айтышыбыз керек. Министр дайындалбай жатса, бул жерде башка маселелерди карап жатканыбыз туура эмес. Бул биз үчүн уят”,- деди Абдылдаев.  

Спикер Асылбек Жээнбеков бул маселе боюнча Жоомарт Оторбаев менен сүйлөшкөнүн билдирди. “Бул маселе тууралуу премьер-министрдин өзү менен сүйлөштүм. Бир-эки күндүн ичинде талапкерди көрсөтөт”,- деди төрага.  

Айта кетсек, ушул жылдын 24-сентябрында Динара Сагынбаева саламаттык сактоо министрлигинен бошотулган. Андан бери аталган кызматка талапкер көрсөтүлө элек. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан