Алмазбек Атамбаев: "2016-жылкы Олимпиадада мыкты жыйынтык көрсөтүү үчүн өкмөт бардык аракетин көрүшү керек"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-октябрда спортчулар менен жолугушуу учурунда "2016-жылкы Олимпиадада мыкты жыйынтык көрсөтүү үчүн өкмөт эмитеден бардык аракеттерди көрүшү керек" деп билдирди. Мындан тышкары өлкө башчы спортчуларды жыл ичинде жараткан ийгилиги менен куттуктап, аларга ыраазычылык билдирди. Куттуктоодо булар айтылат:

"Урматтуу мекендештер! 

Урматтуу спортчулар жана машыктыруучулар! 

Биринчиден, сиздерди эл аралык мелдештерде жетишкен ийгиликтериңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп жүргөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем.

Эл аралык мелдештер спортчулардын даярдыгын гана сынабастан, миллиондогон спорт күйөрмандарынын дагы бүйүрүн кызытып, спорт менен машыгууга түрткү берери шексиз. Сиздерден биздин жаштарыбыз таалим алат, сыймыктанат жана сиздер сыяктуу болгулары келет.

Адатта, ири эл аралык мелдештерден кийин алдынкы спортчуларды урматтоо салтанаттарын өткөрүү менен чектелишет. Биз бүгүн салтты бузуп, кыргыз спортундагы көйгөйлөргө токтолууну туура көрдүк.

Рио-де-Жанейродо 2016-жылы өтө турган Олимпиада оюндары башталчу күн алыс эмес. Ошондуктан Лондондогу кетирилген кемчиликтерди эске алып, тиешелүү жыйынтыктарды чыгарыш керек. Бразилияда татыктуу жыйынтык көрсөтүү үчүн эмитеден даярдык көрүлүшү керек. Өкмөт спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, бардык аракеттерди Олимпиадага жолдомого алууга, кыргыз спортун татыктуу көрсөтүүгө жумшашы керек.

Спортту өнүктүрүү эгемендүү өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын олуттуу багыттарынын бири болууга тийиш. Спорт элдин башын бириктирип, күчүбүзгө күч кошот. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан