Мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына 14 күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттендирилүүдө. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин 22-октябрдагы жыйынында каралып, 2-окууда колдоого алынды. Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, айрым мыйзамдарда жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн 1 айлык мөөнөт каралган, ал эми айрым мыйзамдарда 14 күндүк мөөнөт каралган. Ошондон улам мыйзамдар 14 жумушчу күндүк мөөнөт менен шайкеш келтирилүүдө. Бул мөөнөт жарандардын кайрылууларына жооп берүү мезгилин эки эсе тездетет.