Абдырахман Маматалиев менен Валерий Диль биометрикалык маалыматтарын тапшырышты

Бүгүн, 22-октябрда Өкмөт үйүндө вице-премьер-министрлер Абдырахман Маматалиев менен Валерий Диль, өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев жана анын орун басарлары биометрикалык маалыматтарын тапшырышты. Өкмөттөн билдиришкендей, иш-чарада Маматалиев биометрикалык маалыматтар базасын түзүү коомдук коопсуздукту жогорулатууга мүмкүндүк берерин билдирди. Момуналиевдин айтымында, биометрикалык маалыматтарды топтоо – замандын талабы.

“Биометрикалык базанын болуусу жарандардын өздөрү үчүн мамлекеттик тейлөө алууга карата ыңгайлуулук жаратат. Анткени мамлекеттик тейлөөлөр жаңы технологиялардын ишке киргизилиши менен жакшыртылып турат. Мындан тышкары биометрикалык маалымат базасы – электрондук өкмөт түзүүдөгү негизги талаптардын бири",- деди ал.

Биометрикалык маалыматтарын өкмөттүн аппарат кызматкерлери менен бирге президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгынын кызматкерлери да тапшырып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан