Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев Швециянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аке Петерсон менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда акыйкатчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууга Швеция Падышалыгынын ТИМинин Батыш Европа жана Борбор Азия департаментинин жетекчисинин орун басары Тереза Хайден да катышты. Жолугушуу учурунда Акыйкатчы институтун реформалоо, бул укук коргоо уюмунун ийгиликтери менен көйгөйлөрү талкууланды.
“Учурда биздин ондогон жарандарыбыз сот процессин айлап, жылдап күтүп, тергөө изоляторлорунда жатышат. Убактылуу тергөө изоляторунда сотту күтүп жатып алар майып болуп калган учурлар да бар”,- дейт Б.Аманбаев.
Акыйкатчы институту тарабынан даярдалган 7 атайын доклад тууралуу маалымат берип, Б.Аманбаев алардын экөөсү боюнча тегерек столдо коомдук угуулар болуп, ага расмий бийликтин, КРнын ЖК өкүлдөрү жана бардык кызыккан тараптар катышкандыгын билдирди. Тегерек столдун ишинин жыйынтыгында системдик укук бузууларды мыйзамдуу жол менен чечүү үчүн так сунуштар иштелип чыккан.
Акыйкатчы мисал катары атайын докладдардын бири камакка алуудагы жарандардын баш коргоо чараларын аныктоого арналгандыгын маалымдады. Бул көйгөй акыйкатчынын көзөмөлү астында турган өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналат.