Жусупали Исаев: "Ош шаарындагы коомдук унаалар жакында жаңыланат"

Ош шаарындагы коомдук унаалар жакында жаңыланат. Муну парламент депутаты Жусупали Исаевге шилтеме берүү менен Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. "Ош шаарындагы инфраструктураны заман талабына ылайык жабдуу максатында автобус жана троллейбустарды сатып алуу үчүн Ош шаарынын мэриясына өкмөт тараптан кредит бөлүп берүү маселесин комитеттин көчмө жыйынында карадык",- деген депутат каржы булактарына тиешелүү болгон ратификациялык документ парламентте да караларын айтты. Исаев Ош шаарындагы аэропорттон Ноокат ашуусуна чейинки 28 чакырым жолду оңдоо иштери быйыл декабрь айынын орто ченинде бүтөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан