Жогорку Кеңештин депутаттары 27-октябрдан 31-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен жолугушат. Мындай чечим бүгүн, 23-октябрда парламент жыйынында кабыл алынып, тийиштүү токтомго 62 депутат добуш берди. Спикер Асылбек Жээнбеков кийинки айларда эл менен жолугушууга убакыт болбой турганын айтты. “Бул күндөрү Таласка барып төө буурчак маселесин көрүп келүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Пахта көйгөйү менен да таанышып келебиз”,- деди төрага.