Депутаттар Кыргызстанда ун кымбатташы мүмкүн экенин айтышты

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Кыргызстанда ундун баасы кымбаттап кетиши мүмкүн экенин билдирди. Парламенттин 23-октябрдагы жыйынында депутат Казакстанда буудайдын баасы кескин кымбаттаганын айтып, өкмөт өкүлүнө кайрылды. “Кыргызстанда эми ундун баасын кымбаттатууга кезек келди окшойт” деген сөздөр айтылууда. Кыргызстан буудайдын 70 пайызын Казакстандан алат. Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн алдын ала мониторинг жүргүзүшү керек”,- дейт депутат.

Бакиров 2015-жылдын республикалык бюджетинен мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө акча кароону да сунуштады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан