Энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер
Кубанычбек Турдубаев өзүнө айтылып жаткан айыптар боюнча билдирүү жасады. Жаш кезинде кылмыш жоопкерчилигине тартылганы ал үчүн мыкты сабак болгону айтылат маалыматта. Билдирүү төмөндө:
"2002-жылы 29 жашымда Жети-Өгүз РЭСинин башчысы кызматына дайындалып, "Чыгыш электр" ишканасынын жетекчилигинин кысымына каршы чыгууга алым жетпей, ошол убакта электр энергиясынын коммерциялык жоготууларынын көрсөткүчтөрүн жасалма төмөндөтүү практикасын колдонууга тартылып кеткем. Ошентип, аталган ишкананын 27 кызматкеринин арасында кылмыш жоопкерчилигине тартылгам. Каракол шаардык соту мага карата айып пул төлөө чечимин чыгарган, ал эми Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясы тарабынан мунапыска байланыштуу жазадан бошотулгам. Бул окуя мен үчүн абдан жакшы сабак болуп, принципиалдуу жана туруктуу болууга жардам берди.
Мен Өмүрбек Чиркешович Текебаевди сыйлап-урматтап келем. Ага жана анын инисине карата жалган күнөөлөр тагылганда катуу тынчсыздангам. Анда бул саясий атаандаштардын кылган иши экенин түшүнгөм. Эми Өмүрбек Текебаев саясий максатты көздөп, мени коррупция боюнча күнөөлөп жатат. Талкууланып жаткан 30 миллион 160 миң сом эч качан уурдалган эмес, эч ким бул акчаны алган эмес, кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө түшкөн да эмес. Мен кандайдыр бир саясий партиянын мүчөсү эмесмин. Кыргызстандын энергетика тармагындагы оор кырдаалды түшүнүп, өлкөгө жардам берүүгө ниеттенип, министр болууга макул болдум. Жогорку ишеними үчүн премьер-министр Жоомарт Оторбаевге терең ыраазычылыгымды билдирем. Энергетиканы өндүрүү жана коррупция менен күрөшүүгө бардык тажрыйбамды жана билимимди пайдаланууга даярмын".