Алтынбек Сулайманов спортко бөлүнгөн акчаны уурдагандарды "келемиштер" деп атады

портчулардын чет өлкөдөгү мелдештерге катышуусуна мамлекеттен бөлүнгөн акчалар эмнелерге жумшалып жатканын иликтеп чыгуу керек". Муну 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов айтып чыкты. Депутат спортчуларга бөлүнгөн акчаны уурдагандар көбөйүп кеткенин билдирип, буларды кошумчалады:

“Талашып-тартышып жатып, спортчулардын мелдешке катышуусуна жарыбаган акча бөлөбүз. Аны да уурдап жатышат. Мен аларды ууру эмес, “келемиштер” деп айтам. Жакында Канатбек Бегалиев маек бериптир, “спортто коррупция менен камала турган кишилер көп” деп. Анда азиялык оюндарга чиновниктер барды деп айтылып жатат. Азиялык оюндарга гана эмес, дүйнөлүк оюндарга да чиновниктер аялдары менен барышары айтылды. Кайсы чиновник аялы менен, кайсы акчага барганын, өкмөттүн жана президенттин өкүлдөрү, прокуратурага атайын иликтеп чыгуу тапшырмасын бериңиздер”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан