Мыктыбек Абдылдаев Конституцияны өзгөртүү маселесин атайын жыйында талкуулоону сунуштады

23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев быйыл атайын тегерек стол өткөрүп, парламентке айтылып жаткан сындарды, Конституцияны өзгөртүү демилгесин жана башка көйгөйлөрдү ачык талкуулоону сунуштады. Буга президент, өкмөт өкүлдөрү, депутаттар жана саясий партиялардын жетекчилери катышуусу керектигин айткан депутат буларга токтолду: “Сыртта “депутаттар жакшы иштебей жатышат, Конституцияны өзгөртөбүз” деген сындар көбөйүп кетти. Жаңы жылга чейин атайын тегерек стол уюштуруп, ушул айтылгандарга жооп табышыбыз керек. Кийинки жылы парламенттик шайлоо өтөт, ага чейин багытыбызды так аныктап алалы”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан