Депутат Мирлан Бакиров парламенттин 23-октябрдагы жыйынында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы жергиликтүү кеңештин депутатынын көйгөйүн айтып чыкты. Бакиров айыл тургунунун 3 бээсин уурдап кеткен жаран эркиндикте жүргөнүн билдирип, буларды айтты: "Мага ал жарандын кайрылуусу келип түштү. Ушул жылдын 4-апрелинде 3 бээси уурдалып, 180 миң сомдук зыян тартыптыр. Кылмышка шектүүлөр кармалып, бирок алар азыр эркиндикте жүрүшүптүр".
Депутат айыл тургунунун чыгымы төлөнбөгөнүн да кошумчалады.