Кийинки аптада аймактарда биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери башталат

Кыргызстандын аймактарында жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо иштери кийинки аптада башталат. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 23-октябрда өкмөттө өткөн жыйында Мамлекеттик каттоо кызматына ушундай тапшырма берди. Биометрикалык маалымат топтоо иши үчүн ар бир айылга экиден киши бөлүнөрүн айтып: "Биометрикалык маалымат чогултуунун биринчи этабында жабдуулар бардык почта түйүндөрүнө орнотулат. Кийинки аптанын ортосунда республиканын аймактарында иштер башталышы керек",- деп билдирди. 
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары Элдияр Убалиев Бишкекте бир күндө (20-октябрда) 2 миң жаран өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырганын билдирди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан