Абдырахман Маматалиев Баткен облусуна учуп кетти

Бүгүн, 23-октябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Баткен облусуна учуп кетти. Өкмөттөн билдиришкендей, вице-премьер менен кошо Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү да кетишти.

Сапардын башкы максаты - кышка даярдык көрүү боюнча штабдардын ишин көзөмөлдөө жана электр энергиясындагы жаңы тарифтер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. "Кызыл-Кыя, Баткен шаарларында жергиликтүү активдердин жана айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусунда кышка даярдык көрүү боюнча штабдардын жыйыны өтөт. Абдырахман Маматалиев Баткен облусунун түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына байланыштуу өтчү коллегиялык жыйынга катышмакчы",- деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан