Бишкектин таштандысы менен мыйзамсыз курулуштарына болгон шаардыктардын нааразычылыктары парламентте көтөрүлдү

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңеште Бишкек шаарынын тургундарынын кайрылуусу менен депутат Майрамкүл Тиленчиева тааныштырды. Кайрылууда мектептердин, ар кандай мекеме-ишканалардын, ооруканалардын айланасында таштандылар чыгарылбай, үйүлүп турганы белгиленген. Бул боюнча интернет баракчаларында мындай жагымсыз көрүнүштөр сүрөттөрү жана даректери менен илинип турганын айткан депутат шаардык мэриянын тиешелүү ишканасы өздөрүнүн жоопкерчилигин сезеби же жокпу деген маселе көтөрдү.

Шаардыктардын дагы бир көйгөйлүү маселеси – мыйзамсыз курулуп жаткан курулуштар. Бул жолу депутат Турсунтай Салимов Чүй кең көчөсүнүн боюндагы “Миң тиркүн” соода үйү жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанындагы жашыл аянтчада курулуштун башталышы боюнча тургундардын нааразычылыгын ортого салды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан