Парламент 2015-жылдын январь айында 4 жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча тегерек стол өткөрөт. Бул тууралуу спикер Асылбек Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Жыйында депутат Мыктыбек Абдылдаев “Депутаттар жакшы иштебей жатышат, Конституцияны өзгөртөбүз” деген сындар көбөйүп кетти. Жаңы жылга чейин атайын тегерек стол уюштуралы” деген сунуш киргизген болчу. Депутаттын сунушун колдоого аларын билдирген спикер айтылган сындарга чыдоо керектигин белгиледи. “Айтылган сынды көтөрүш керек. Парламенттин табияты ушундай. Авторитардык мамлекеттерде гана парламентти сындай алышпайт. Жогорку Кеңештин төрт жылдык ишмердүүлүгүн жыйынтыктаган отчёт даярдалып жатат”,- деди ал.