Марат Султанов: “Бажы союзуна кирип эмес, кирбей калсак келечекке уят болобуз”

“Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине караганда, кирбей коюшунун тобокелчилиги көп”. Муну 23-октябрда парламент депутаты Марат Султанов билдирди. Анын айтымында, өлкө союзга кирбесе, Кыргызстан экономикалык жактан биротоло артта калышы мүмкүн. “Биримдикке кирип эмес, кирбей коюп келечек муунга уят болуп калышыбыз мүмкүн. Экономикалык жактан алганда, Бажы союзуна кошулушубуз шарт. Айрымдар өлкөнүн эгемендүүлүгүнө доо кетерин айтышууда. “Биз үчүн эгемендүүлүк биринчи орунда” деп чыккан Украина эмне болду? Өлкө бир топ жеринен ажырады, азыркыга чейин согуш болууда. 4 миңдей жараны каза тапты. Куру кыйкырыкты коюп, экономикалык саясатты колго алышыбыз керек”,- деди Султанов "Парламент" радиосундагы маегинде.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан