Жогорку Кеңештин 23-октябрдагы жыйынында депутаттар 8-октябрда ашууда дайынсыз жоголушкан Сузак районунун тургундары Мурзалим Сариков менен Арипжан Маматалиевди издөө иштери токтоп калганын айтышты. Алардын айтымдарында, жоголгондорду жакындары гана издеп жатышыптыр. “Туугандары бизге арызданып жатышат, “ӨКМ издөөнү токтотуп койду” деп. Кыш келгенче аларды таап алышыбыз керек”,- дешти.
Айта кетсек, буга чейин Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7 чабандын 2000 баш кою менен ашууда калганы айтылган. Ал эми ашууда дайынсыз болуп жаткан Мурзалим Сариков менен Арипжан Маматалиев аларга жардам берүүгө барып, ошол бойдон дайыны чыкпай жаткан. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 20-октябрдагы буйругу менен эки жаранды издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМга 100 миң сом бөлгөн.