Кыргызстан "Кумтөрдү" улутташтыруу ишин башташы мүмкүн

Кыргызстан "Кумтөрдү" улутташтыруу процессин башташы мүмкүн. Муну парламенттин 23-октябрдагы жыйынында депутат Равшан Жээнбеков КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго шилтеме берүү менен билдирди. Жыйында инвестиция жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда Равшан Жээнбеков "Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан "Кумтөр" кени улутташтырылышы мүмкүн экенин айтты. Сиздин пикир кандай? Алтын кенин улутташтырсак инвесторлорго кандай таасирин тийгизет?" деп сурады экономика министри Темир Сариевден
Экономика министри "улутташтырууга мамлекеттин укугу бар, бирок, мыйзамга ылайык, биз компенсация төлөшүбүз керек болот" деп жооп берди. 
Эскерте кетсек, жакында Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту Кыргызстандын "Центерра Голд" компаниясындагы 77 миллион акциясынын 47 миллионуна (жалпы акциясынын 60 пайызы) арест койду. Мунун себеби - Кыргызстандын "Станс Энерджи" фирмасына 118 миллион доллар компенсация төлөп бербей койгону. Сот чечимине ылайык, кыргыз тарапка аталган акцияларды сатууга, пайдаланууга, алмашууга, өздөштүрүүгө жана күрөөгө коюуга тыюу салынды. 
Аталган фирма "Куттуу-Сай 2" кенин иштетүүгө лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүн узартууну жараксыз деп табуу боюнча сот процессинин башталганы үчүн 118,2 миллион доллар төлөп берүү боюнча Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык соттун чечимин аткарууну Кыргызстандан талап кылууда.  
"Кумтөрдү" улутташтыруу аракети чын эле башталганы жатса, буга жогорудагы окуя себеп болушу мүмкүн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан