Ырчылар Ильяз Андаш менен Эрлан Андашев дуэт жаздырышууда
Ырчы Ильяз Андаш Эрлан Андашев менен биргеликте "Бир тууганым" деген ырга дуэт жаздыртып жатканын маалымдады. "Ырдын тексти даяр. Эми аранжировкасын жаздыртып жатабыз. Жакында, буюрса, сиздердин сайтыңыздардан угуп каласыздар",- дейт Ильяз.