Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы “Бозумчак” алтын кени 1 айдын ичинде ишке кирет. Муну 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирип, быйыл өлкөгө келген инвестициялардын басымдуу бөлүгү тоо-кен тармагына жумшалганын айтты. “Чаткал районундагы “Чаар-Ат” алтын кенин иштетүүгө да аракеттер жасалууда. Инвестициялар келүүдө, бирок быйылкы жылдын 9 айында канча суммада түз инвестиция келгенин айта албайм. Муну атайын бөлүмдөрдөн сураш керек”,- деди министр.
Министрдин жыл башынан берки түз инвестиция боюнча маалымат билбей калышын айрым депутаттар сындап, “тармактык министр катары сиз муну билишиңиз керек болчу” дешти.