Парламент мамлекеттик чек арада, чек ара аймактарында жана көзөмөлдөп өткөрүү бекеттеринде чек ара режимин бузгандардын жазасын күчөттү. Депутаттар тийиштүү мыйзам долбоорун бүгүн, 23-октябрда 3-окууда кабыл алышты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Алмазбек Баатырбековдун айтымында, эреже бузган жарандарга 3000 сом, жооптуу кызматкерлерге 5000 сом, юридикалык тараптарга 50 000 сом айып салынмакчы. Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет.