Бүгүн, 23-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енчаны КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка караганда, жолугушууда Борбор Азиядагы мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдөө, БУУнун колдоосу жана бул жаатта көрсөткөн ролу талкууланды. Ошондой эле Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгы, Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен борбор азиялык чөлкөмдөгү кырдаалдын азыркы абалы жана келечеги каралды.