Баткен, Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунун каржы бөлүмдөрүнүн башчылары иштен айдалды. Муну 23-октябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан башка 16 кызматкерге тийиштүү чаралар көрүлгөнү айтылды. Себебин министрлик төмөнкүдөй түшүндүрдү:
"Премьер-министр Жоомарт Оторбаевин тапшырмасына ылайык, өкмөттүн 2-сентябрдагы жыйынында айтылган быйылкы кышка даярдык көрүү үчүн жергиликтүү бийликке көмүр сатып алууга бөлүнгөн акчадан райондук каржы бөлүмдөрүнүн 10 пайыз акча өндүрүп алуу аракети тууралуу маалымат текшерилди.
Өкмөттүк аппараттын жана Каржы министрлигинин өкүлдөрүнөн турган ведомство аралык комиссия түзүлүп, айрым райондук каржы бөлүм жетекчилери тарабынан өз милдеттенмелерин одоно бузуулар болгону аныкталды. Алар көмүр алуу боюнча келишимдерди жана арыздарды создуктуруп кармап турганы үчүн жергиликтүү органдардын отун камдоого кетчү чыгымдары өз учурунда берилген эмес.
Текшерүүдө көмүр алуу үчүн келишимдерди берүү мөөнөтүндө коррупциялык белгилер бар экени аныкталды. Тактап айтканда, 2014-жылдын июнь айынан сентябрь айына чейин Каржы министрлигине 82 райондук каржы бөлүмүнөн келишимдер келип түшкөн. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин эскертүүсүнөн кийин эки күндүн ичинде райондук каржы бөлүмдөрү дагы 265 келишим жөнөтүшкөн.
Каржы министрлигинин кызматкерлерине жана аймактык түзүмдөрдүн 19 өкүлүнө тартиптик чаралар көрүлүп, алардын үчөө: Ат-Башы, Ак-Талаа райондук жана Лейлек райондук каржы бөлүмүнүн башчылары кызматынан бошотулган".